Абылгазиев Медведевди туулган күнү менен куттуктады

14 сентября 2018 23:30 1014 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 14-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматынан билдиришти. 

Анда Абылгазиев  россиялык кесиптешин туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.


Телефондук сүйлөшүү учурунда өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-medvedevdi-tuulgan-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий