Абылгазиев: Кыргызстанды “Бизнес жүргүзүү” боюнча 50 өлкөнүн катарына киргизүү - биздин максат

14 августа 2018 06:35 1049 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында ИДПнын өсүш темпи камсыз кылынып, 300 миң жаңы жумуш орунун түзүүнү көздөй тургандыгын айтты. Ошондой эле Инфляцияны төмөн деңгээлде кармап турууга жана баалардын туруктуулугун сактоого чаралар көрүлөөрүн белгиледи.   

“Социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнүп, жарандарыбыздын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүн эске алуу менен индексацияланат. Ишкерлерге көбүрөөк жардам берүү керек деп ойлойм. Кыргызстанды “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү - биздин максат. Бизнестин электр жана жылуулук тармактарына кошулуусу, жердин трансформациясы, салыктык отчёттуулукту жеңилдетүү, келишимдерди аткаруунун камсыздалышы сыяктуу индекстерди  жакшыртуубуз зарыл. Бул үчүн: - бизнести текшерүүгө мораторий жарыяланып, ишкерлер көзөмөлдөөчү органдар тараптан текшерүүгө алынуусуна чектөөлөрдү киргизүү зарыл; 

- аймактарда Бизнес тейлөө борборлору ачылат; 

- иш берүүчүлөрдөн алынуучу социалдык төлөмдөрдүн ставкаларын төмөндөтүү каралат; 

- кирешелерди легалдаштыруу жана капиталдын амнистиясын жарыялоону ишке ашырабыз. 

Булардын натыйжасында кɵмүскɵ сектор ачыкка чыгат деп  ишенебиз. Ошондой эле ишкерлердин бизнес омбудсмен институтун түзүү демилгесин Өкмөт колдойт”-дейт өкмөт башчы. 

Белгилей кетсек, бүгүн  13-августта Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында   Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин жыйыны өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kyrgyzstandy-biznes-zhrgz-boyuncha-50-lknn-kataryna-kirgiz-bizdin-maksat



Добавить комментарий