Абылгазиев: "Коопсуз шаар боюнча кеткен кемчиликтер бир аптанын ичинде жөнгө салынат"

18 февраля 2019 17:34 1289 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Коопсуз шаар боюнча айрым кеткен кемчиликтер бир аптада жөнгө салынат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 18-февралда өткөн брифингде билдирди.

"Коопсуз шаар иштеп баштагандан бери бир апта өттү. Унаалардагы номур маселелери чечилүүдө. Жол тыгындары жана жол чырактардагы кеткен кемчиликтер боюнча иштейбиз. Бир жуманын ичинде жөнгө салынат"-деди премьер-министр. 

Ошондой эле, айып салынган тарап эки жуманын ичинде төлөсө, анда айып пулдун 50%ын гана төлөөрү айтылды.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун иштеп баштаганына бир аптанын жүзү болду. Бул аралыкта айдоочулар жол эрежесин сактап айдагандыктан, айрым көчө тилкелеринде жол тыгындары пайда болуп, жаңы долбоор боюнча кеткен кемчиликтер да оркоюп көрүнүп калып жатат. 

Ага ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине кошумча секциялар орнотулуп, жол чырактары жаңыртылат:

  • 7-апрель менен Горкий көчөлөрүнүн кесилиши (түндүктөн түштүктү карай бара жатканда солго бурулууга кошумча жол чырагы коюлат. Бул кесилиште 4 тилке болот), 
  • Курманжан датка менен Чүй проспектисинин кесилиши (жол чырактын орду өзгөрүп, кошумча секциялар үчүн бөлүнгөн убакыт көбөйтүлөт), 
  • Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилиши (батыштан чыгышты карай келе жатканда экинчи тилкеден солго бурулууга болот).






Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-koopsuz-shaar-boyuncha-ketken-kemchilikter-bir-aptanyn-ichinde-zhng-salynat



Добавить комментарий