Абылгазиев: Өкмөттүн милдети-Кумтөрдөн көзкарандысыз экономиканы куруу

12 апреля 2019 15:11 1448 Barometr
Поделиться в:
ok

«Өкмөттүн милдети – Кумтөр кенинен көзкарандысыз экономиканы куруу», – деп билдирди бүгүн, 12-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылкы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда.

Өкмөт башчы парламент депутаттарынын көңүлүн атамекендик экономиканын учурдагы абалына жана негизги көйгөйлөрүнө бурду.

«Биринчиден, экономикабыздын Кумтөр алтын кенинен көз карандылыгы тууралуу билдирсек, биздин пикирде, бул – өлкөнүн экономикасын башкарууда өткөн жылдардын эң чоң катачылыгы, анткени өлкө экономикасы менен бирге социалдык маселелер да Кумтөргө байланып калган. Бүгүн Кумтөрдүн ишине ар түрдүү баа берсек болот. Сөз жок, бул долбоор 20 жылдан ашык аралыкта өлкөнүн экономикасын кармап турууда тарыхый роль ойногон. Бирок экономиканын альтернативдүү башка тармактарын өнүктүрүүгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калган», – деди Премьер-министр.

Абылгазиев белгилегендей, Кумтөр эртеби-кечпи өзүнүн ишин токтотот, ошондуктан Өкмөт азыртадан тартып комбинаттан калуучу экологиялык жана социалдык көйгөйлөр мамлекеттик бюджетке залакасын тийгизип, оорчулук келтирбешинин үстүндө ойлонушу керек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kmttn-mildeti-kumtrdn-kzkarandysyz-ekonomikany-kuruu



Добавить комментарий