Абылгазиев Казакстанда жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына көңүл айтты

3 августа 2019 10:39 8511 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, Өкмөттүн Аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августунда Казакстан Республикасынын Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда «Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын беш жараны 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А. көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармакшин райондук ооруканасына ар түрдүү жаракаттары менен КРнын үч жараны 1992-ж.т. У.А., 1992-ж.т. М.М. жана 1998-ж.т. К.А., жаткырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kazakstanda-zhol-kyrsygynda-kaza-tapkan-kyrgyzstandyktardyn-tuugandaryna-kl-ajtty



Добавить комментарий