Кыргызстан жана Казакстандын премьер-министрлери чек араларды ачууну макулдашты

10 июня 2020 21:55 1526 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. 

Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашуу болду. 

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.


Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kazakstan-respublikasynyn-premer-ministri-askar-mamin-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий