Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда

1 февраля 2019 16:58 2168 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышууда. Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү.

Андан соң өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына киришти, анын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Биримдиктин алкагында келечектүү интергациялоо боюнча чаралар талкууланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-evraziya-kmttr-aralyk-keeshinin-tar-chjrdg-zhyjyna-katyshuuda



Добавить комментарий