Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

29 апреля 2019 15:40 996 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Армениянын Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм, илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууларды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсү каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-evraziya-kmttr-aralyk-keeshinin-kezektegi-zhyjynyna-katyshat



Добавить комментарий