Абылгазиев: Энергетикалык системадагы көйгөйлөрдү көрүшүбүз керек

14 марта 2019 15:15 1011 Barometr
Поделиться в:
ok

Энергетикалык системадагы көйгөйлөрдү көрүшүбүз керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтер жана ведомство башчылары менен кеңейтилген курамда жыйын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы ишинин негизги багыттарын талкуулаган учурда маалымдады.

“Энергетикалык системадагы электрондук формага алып келүүбүз кажет. Электр счетчиги бизден чыгат экен, ал эми биз Түркия, Кытай, Казакстандан алып атыптырбыз, 200 миңди ошентип алып коюптурбуз. Ат мекендик өндүрүшчүлөр жүрөт, ишканасы бар, алардан албайт, себеби дегенде критерийин коюп коюптур, 30 миңдик товар айлануу болуш керек деп, бул атайы ошол жактагы чоң компанияларга шарт түзүү болуп жатат. Баарын Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн шартына алып келишибиз керек. Ошол сатып алуу  кылып жаткан чоң-чоң мамлекеттик ишканалардын баарын тең карашыбыз керек.Ошол үчүн болгон күчүбүздү өзүбүздүн экономикага жумшашыбыз керек”,-деп эскертти өкмөт башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-energetikalyk-sistemadagy-kjgjlrd-krshbz-kerek



Добавить комментарий