Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине эс алуу жайы салынат

23 марта 2023 12:35 688 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук мейкиндиктин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот.

Ыңгайлуу болуш үчүн, коомдук даараткана, гүл сатуучу павильондор, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар жана бак-дарактар орнотулат. Коомдук транспорттун токтоочу жеринде түшүрүү пунктун жасоо пландалууда.

Учурда эски гезит күркөлөрү жана тосмолор демонтаждалууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/abdrahmanov-zhana-kiev-kchlrnn-kesilishine-es-aluu-zhajy-salynat



Добавить комментарий