Абдиль Сегизбаев менен Улан Исраилов Кой-Ташка барды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаев өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди колдош үчүн Кой-Таш айылына барды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Ошондой эле Кой-Ташка мурдагы Ички иштер министри Улан Исраилов дагы барды.
Эскерте кетсек, депутаттар убактылуу комиссия түзүп, Атамбаевди бир канча мыйзамсыз иштерге айыптап бул чечимди Башкы прокуратурга өткөргөн. Андан соң Башкы прокуратура бул чечимге өз бүтүмүн берди.
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин “экс-президент” макамын ажыратуу маселесин караган. Жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун 103 депутат жактырып, 6 депутат каршы болгон. Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыптын бешөөсүн негиздүү деп табылган.Алардын ичинде Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз алганы, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБди жаңылоодогу коррупция, ЖЭБге көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогону.
Ошондон бери Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын штаб иш алып барууда. Бүгүн Кой-Таштагы штабдын түзүлгөнүнө төрт күн болду.
Ссылка: https://barometr.kg/abdil-segizbaev-menen-ulan-israilov-koj-tashka-bardy
Добавить комментарий ×