Абактарга каналдар аркылуу баңгизат ыргытып жүргөн жаран кармалды

9 июня 2022 12:40 857 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркиндигинен ажыратылгандарга  баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Чүй облусунун аймагында эркиндигинен ажыратылган жайга баңгизатты каналдар аркылуу ыргытып жүргөн жаран кармалды. 

"Ушул жылдын 6-майында саат 01:00до караул ротасы Чүй облусунун аймагындагы эркиндигинен ажыратылган жайлардын бирине белгисиз жарандар эки баштыктагы  өзгөчө жыттанган, боз-жашыл түстөгү  “гашиш” баңгизатын ыргытканын байкап калышкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат 982 грамм салмактагы "гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты, буга чейин бир нече жолу соттолгон, эркиндигинен ажыратылган жайларга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды “общактын” керектөөсү үчүн ташып киргизүү менен алектенген  “Арс”  каймана аттагы жигит жасагандыгы белгилүү болгон. Кармалган жаран Токмок шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.А. экени такталды.  Ал эркинен ажыратылган жайларга “гашиш” баңгизатын ыргытып жүргөндүгүн мойнуна алды", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/abaktarga-zhashyruun-kanaldar-arkyluu-bagizat-tashyp-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий