Абактагы Атамбаевдин туулган күнү кандай белгиленип жатат?

17 сентября 2019 15:58 9609 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда өзүнүн туулган күнү үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу анын уулу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Билдирүүнүн астына ал Алмазбек Атамбаевдин президент кезинде Баткен облусунда чек ара аскер бөлүгүн салтанаттуу ачып жаткан сүрөтүн жайгаштырып койгон.

Кадырбек атасынын Тажикстан менен чек арадагы акыркы кырдаалга тынчсызданганын, өлкөнүн чек арасында тез арада тынчтык жана стабилдүүлүк орнойт деп үмүттөнгөнүн айтат.

Экс-президент Кыргызстандын азыркы бийлиги Атамбаевдин бир туугандары, жакындарына каршы күрөшпөстөн, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген олууттуу маселелерди чечүүгө күч жумшашы керек деди. Апам экөөбүз атамды туулган күнү менен куттуктадык. Маанайы көтөрүңкү экен, өзүн жакшы сезип турат. Акыркы маалыматтарды талкууладык. Анан адабий китептердин тизмесин айтты. Мен жакынкы күндөрү аларды алып келип берем. Алмазбек Атамбаев жакындарына жана тарапташтарына ысык салам айтты”, - деп белгилейт Кадырбек Атамбаев.

 Бул Атамбаевдин камакка алынгандан кийин үй-бүлөсү, жакындары менен болгон экинчи жолугушуусу. Буга чейин ал жубайы Раиса Атамбаева менен жолугушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/abaktagy-atambaevdin-tuulgan-kn-kandaj-belgilenip-zhatat



Добавить комментарий