Абайлаңыз фото. Милиция каза тапкан адамдын ким экендигин тактоогө көмөк сурайт
Ысык-Ата райондук ИИБнин кызматкерлери азият түспөлүндөгү 25-30дар чамасындагы өлгөн адамдын ким экендигин териштирүүдө.
Аталган мекеменин маалыматына таянсак, 20-майда, саат 08:30да Ысык-Ата райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, анда Кант аймактык ооруканасында эркек адам көз жумгандыгы маалым болгон.
Аталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, текшергенде, белгисиз адам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 15-майдан бери жатып, эсине келбестен 18-майда каза болгондугу белгилүү болгон. Оорукананын кызматкерлеринин айтуусунда, ал адам бир жолу эсине келген жана өзүн 1990-жылы туулган Ахмед Суйумбаев деп тааныштырган.
Бул факт КЖБР АМС катталган жана тиешелүү кызматтарга териштирүү үчүн тапшырылган. Өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Белгилери: боюу170-175 см, чачтары каралжын,узун, орто бойлуу, көздөрү кара.
Каза тапкан адамдын кимдигин аныктоо үчүн бул адамды тааныгандар болсо же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо милицияга же болбосо 0(701) 88-62-95, 0(312) 88-62-95, 0(707) 25-79-02 телефондору аркылуу билдирип коюуну өтүнүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/abajlayz-foto-miliciya-kaza-tapkan-adamdyn-kim-ekendigin-taktoodo
Добавить комментарий ×