Абайлаңыз, тоңдурулган азыктардан коронавирус аныкталууда

28 октября 2020 12:23 854 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын чыгышындагы Шандун провинциясындагы санитардык кызмат, орусиялык үч жана голландиялык бир муздаткыч кеменин азык пакеттеринен коронавирус табышты. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын сайтындагы маалыматка таянып “Барометр” билдирет

Тоңдурулган деңиз азыктарынын таңгактарынан алынган үлгүлөрдүн COVID-19 нуклеин кислотасына сыноосу азыктарда коронавирус бар экендигин аныктаган. Департаменттин маалыматы боюнча, белгиленген эрежелердин чегинде, 28-октябрдан тарта бир жума мөөнөткө чейин орусиялык жана голландиялык кемелерден импорттук декларацияларды кабыл алуу токтотулган.

18-октябрда, Кытайда биринчи жолу тоңдурулган тамак-аш таңгактагы тирүү коронавирус табылганы кабарланган. COVID-19 таңгакта узак убакытка чейин сакталып кала тургандыгы лабораториядан тышкары жерде биринчи жолу тастыкталды. Коронавирус импорттолгон, тоңдурулган азыктын таңгактарында сакталат.

Мындай баштыкты кармап, байланышканда адамга жугушу мүмкүн экени белгиленди. Бирок, Кытайдын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору дүйнөдө тоңдурулган тамак-аштар менен байланышуунун натыйжасында коронавирустук инфекция жуккан учурлар болбогонун белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/abajlayz-durulgan-azyktardan-koronavirus-anyktaluuda



Добавить комментарий