Абайлагыла видео. Жигит кызганычтан 22 жаштагы сүйгөн кызын элдин көзүнчө өрттөдү
Украинанын Бабурка айылында 2-июлда төбө чачты тик тургузган окуя болду. 28 жаштагы жигит 22 жаштагы сүйгөн кызын бензин чачып, элдин көзүнчө өрттөп жиберген.Бул тууралуу ТСН булагы кабарлады.
Эң жаман жагы окуянын күбөлөрүнүн айрымдары кызды куткарып калууга умтулуп ага жүгүрүшсө, кээ бири жайбаракат гана аны видеого тартышкан. Кыздын денесинин 90 пайызы күйүп ооруканага оор абалда жеткирилди.Азыр дарыгерлер анын өмүрүн сактап калыш үчүн күрөшүп жатышат.
Экөөнүн интернетке жүктөлгөн сүрөтүнөн жаштар бири-бирине ушунчалык жылуу мамиле кылганын көрүүгө болот.
“Мен анын ар бир бөлүгүн жакшы көрүүгө даярмын, ал мага күн сайын бакыт тартуулагандай, мен дагы аны бактылуу кылгым келет”,-деп жазган окуя болордун алдында кыз өзүнүн баракчасына.
Кыздын айтмында, жигит таанышкандан кийин эртеси күнү сөз айтып, арадан бир-эки ай өткөндөн соң ата-энесине барып колун сураптыр.
Бирок кызганычтын айынан эки жаштын ортосунда жаңжал чыккан. Кыздын курбуларынын айтымында, жигит кызды катуу кызганым, ар бир баскан кадамын аңдыган.
Жигит тергөөдө ыйлап-сыктап, “сабак болсун” дегем деп актанды.Учурда ага карата кылмыш иши козголду.
Кыздын өрттөнүп жаткан видеосун Инстаграмдын бул тиркемесине жүктөшкөн. 18 жашка чейинкилерге жана нерви жука адамдарга видеону көрүүгө тыюу салынат. https://www.instagram.com/p/BzbQTarIHgq/?utm_source=ig_web_copy_link
Ссылка: https://barometr.kg/abajlagyla-video-zhigit-kyzganychtan-22-zhashtagy-sjgn-kyzyn-eldin-kznch-rttd
Добавить комментарий ×