Абада учуп жүргөн “Темир киши” учкучтардын айласын кетирди (видео)

2 сентября 2020 13:06 1694 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык “American Airlines” авиа компаниясынын учкучу самолёттун жанынан асманда учуп бара жаткан кишини көргөнүн айтып чыкты. Бул тууралуу Fox 11 телеканалынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматка ылайык, Лос-Анджелестин аэропортуна конуу учурунда учкуч реактивдүү кыймылдаткычы бар кийим кийген киши алардан алыс эмес аралыкта жолукканын диспетчерге кабарлаган. Жолугушуу учурунда учак 914 м бийиктикте болгон.

Кийинчерээк, ошол эле билдирүү диспетчерлерге болжол менен Sky West авиакомпаниясынын учкучтарынан келип түшкөн.

Телеканалдын маалыматына караганда, Федералдык Тергөө Бюросу (ФБР) окуянын бардык жагдайларын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

2019-жылдын июнь айында Gravity Industries компаниясынын британиялык ойлоп табуучулары реактивдүү кыймылдаткычы бар кийимди шаардык шартта сынап жатканы кабарланган.


Ссылка: https://barometr.kg/abada-uchup-zhrgn-temir-kishi-uchkuchtadyn-ajlasyn-ketirdi-video



Добавить комментарий