Аба ырайы: Тоолуу райондорго кар түшөт

27 августа 2020 09:03 864 Barometr
Поделиться в:
ok

27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасы, жол кыймылы, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын иши жана жайыттарда мал багуу үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө 19-24°

Таласта 17-22°

Баткен облусунда 21-26°

Ош жана Жалал-Абад облустарында 21-26°

Ысык-Көлдө 16-21°

Нарын облусунда 16-21°

Бишкекте 27-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы 19-21° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-tooluu-rajondorgo-kar-tsht



Добавить комментарий