Аба ырайы кескин төмөндөп, жаан карга айланат
2018-жылдын 2-ноябрында туруксуз аба ырайы күтүлүп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы жана жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
2-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу болжолдонууда.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-keskin-tmndp-zhaan-karga-ajlanat
Добавить комментарий ×