Аба ырайы: 8-мартта Бишкекте күн ачык болот

8 марта 2021 09:18 1156 Barometr
Поделиться в:
ok

8-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +10...+15°,

Талас облусунда +9...+14°,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +12....+17°,

Ысык-Көл облусунда +6...+11°,

Нарын облусунда +4...+9°,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +10…+12° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-8-martta-bishkekte-kn-achyk-bolot



Добавить комментарий