Аба ырайы: 10-майда Кыргызстанда жаан жаайт
Поделиться в:
10-майда көпчүлүк аймакта жаан-чачын, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында +21…+26°;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +23…+28°;
Ысык-Көл облусунда +19…+24°;
Нарын облусунда +20…+25°;
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +23…+25° градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-10-majda-kyrgyzstanda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×