Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми чет өлкөлүк аба каттамдар иштеп баштайбы?

15 января 2019 20:23 1074 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу жана Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын жана «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» бир тараптуу жарыялоо жана колдонуу аркылуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-kodeksine-zgrtlr-kirgizildi-emi-chet-lklk-aba-kattamdar-ishtep-bashtajby



Добавить комментарий