Аалымдар кеңеши: сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операция арам деп эсептелет

6 апреля 2019 18:15 1570 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде пластикалык операция боюнча фатва чыкты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Төмөндө фатва менен таанышып коюңуз:

Пластикалык хирургия адамдын денесинин кайсы бир органындагы, ‎тканындагы же дененин үстүндөгү өзгөрүүлөрдү, майыптыкты кетирүү ‎үчүн оперативдүү кийлигишүү жүргүзгөн хирургиянын бөлүмү.‎Пластикалык операцияларды реконструктивдүү жана эстетикалык ‎деп эки негизги түргө бөлүүгө болот.‎Реконструктивдүү пластикалык операция ткандардагы жана ‎органдардагы өзгөрүүлөрдү, майыптыктарды, тубаса кемчиликтерди ‎кетирүү үчүн жана алардын табигый функцияларын пластикалык ‎хирургиянын ыкмалары аркылуу калыбына келтирүү максатында жүргүзүлөт. ‎Мындай операциялар кырсыктын, оорунун кесепетинен дене жаракатын ‎алган же тубаса майыптыгы бар адамдарга жүргүзүлөт. Ийгиликтүү ‎жүргүзүлгөн реконструктивдүү операция бул адамдагы майыптыкты ‎кетирүү менен соо адамдардын арасында сезилүүчү ыңгайсыздыктан ‎кутултуп, толук кандуу жашоо менен жашоого өбөлгө түзөт.‎

Эстетикалык пластикалык операциялар бул сырткы келбетти ‎жакшыртуу максатында пластикалык хирургиянын ыкмаларын ‎колдонуу. Операциялардын бул түрү жаштыкты узартууга, өзүндө ‎каалаган сулуулукту сезүүгө мүмкүнчүлүк берет жана ошондой эле өзүндө ‎болгон же ою менен чыгарып алган кемчиликтерден кутулууга жардам ‎берет.‎

Ислам шарияты дене бөлуктөрүндөгү кемчиликтерди, ткандардагы ‎жана органдардагы  майыптыктарды кетирүүгө уруксат берет. Мындай ‎учурда адам өзүнүн табигый келбетин өзгөрпөйт. Бирок дененин ‎кемтигин жана майыптыгын кетирет же анын табигый функцияларын ‎калыбына келтирет.

“Ал-Фатаваа ал-Хиндия» китебинде мындай деп айтылган: “Эгерде ‎адам ашык (алтынчы) манжасын кесип таштоого же ушул сыяктуу бир ‎нерсе кылууга ниет кылса, эгерде бул нерсе өлүмгө алып келе турган ‎болсо, анда буга уруксат берилбейт. Бирок өлүмгө алып келбей турган ‎болсо, анда ага мындай кылууга уруксат берилет”.‎

Курани Каримдин башка аяттарында айтылгандардын ‎негизинде кутман сахабалардан жана табииндерден болгон Ислам аалымдары, ‎айыбы жок дене мүчөлөрүн жана адамдын табигый дене келбетин ‎жүйөлүү себепсиз сулуулук үчүн гана өзгөртүү арам деген бир ‎добуштан жана акыркы пикирге келишкен. Анткени, ден-соолугу ‎жайында, сырткы келбетинде эч кандай айыбы жок адам өзүн ‎көтөрмөлөө же болбосо бир атактууга окшошуу үчүн гана дене мүчөсүн өзгөртөөрү бышык. Буга көкүрөктөрүн чоңойтуу, мурдунун же эриндин формасын ‎өзгөртүү ж.б.у.с. үчүн жасалган операциялар кирет. Ошондуктан, сырткы ‎келбеттин мындай өзгөртүүгө Курани Каримде жана сүннөттө катуу тыюу ‎салынган. Жогоруда айтылып кеткендей, ушундай жол менен эч кандай ‎себепсиз Алла Таала берген келбетти бузуу же өзгөртүү шариятта тыюу салынган.‎

Жыйынтыктап айтканда, пластикалык ‎хирургия уруксат берилген жана тыюу салынган деген таризде эки түргө бөлүнөт:‎

1. Тубаса майыптыктарды же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариятта жол берилет.‎

Ал эми эч кандай жүйөөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариятта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет.‎‎

Ссылка: https://barometr.kg/aalymdar-keeshi-suluuluk-chn-gana-zhasalgan-plastikalyk-operaciya-aram-dep-eseptelet



Добавить комментарий