Бишкекте №89 мектептин чатырын шамал учуруп кетти

25 сентября 2019 10:19 1349 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 23-сентябрында саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын аймагында секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Учкун жаңы конушунда жайгашкан №89 орто мектебинин имаратынын 300 ч.м. чатырын учуруп кеткен жана Тунгуч-кичи районунда жайгашкан №64/1 көп кабаттуу үйдүн сырткы шыбагы кулап унааны басып калган, ошондой эле Тоголок Молдо жана Москва, Чүй проспектиси менен Тыныстанов, Ч. Айтматов менен Айни, Тимирязев менен Фрунзе, Каралаев менен Кайбагаров, Гоголь менен Семашко көчөлөрүнүн кесилишинде, Бөкөнбаев көчөсүнүн №247, Красная көчөсүнүн №93, Малдыбаев көчөсүнүн №12 даректеринде бак-дарактар жана бутактары кулап унаа жолдорду тосуп, 1 унааны басып калган. Жабыркагандар жок.


 

Ссылка: https://barometr.kg/89-orto-mektebinin-imaratynyn-300-chm-chatyryn-uchurup-ketken



Добавить комментарий