80 миң сом. Жогорку Кеңеште соттордун айлыгы канча экени айтылды

20 октября 2021 15:21 1508 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн парламентте Жогорку соттун сотторунун кызмат ордуна талапкерлер каралды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Депутат Ирина Карамушкина Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматовадан айылык маянасы тууралуу сурады.

Судья айына 80 миң сом аларын айтты. Аида Сейдакматованын айтымында, айлык акыда эмгек стажы жана квалификациялык чини эске алынат.

“Мен 80 миң сом алам, соттун төрайымы болуп иштегенидигим эске алынган. Мындан тышкары менин жашыруун материалдарга кирүүгө уруксатым бар. Башка соттор азыраак алат. Меникиндей эле эмгек стажысы бар судьялар болжол менен 30 миң сомдой алышат. Соттордун айлыгы бир кылка эмес”,-деп айтты Аида Сейдакматова.

Депутаттар Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов жана Аида Сейдакматованы Жогорку соттун судьясы кызматына колдошту. Алар ант беришти.   

Ссылка: https://barometr.kg/80-mi-som-zhogorku-keeshte-sottordun-ajlygy-kancha-ekeni-ajtyldy



Добавить комментарий