8 жылдын ичинде 60 кыргыз кытай жарандары менен расмий никеге турушкан
2018-жылы Кыргызстанга 35 215 (2017-жылы 41 307) кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) кытай жараны чыгып кеткен. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалыматына таянып, өкмөттөн расмий билдирүү жасашты.
Ал эми тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргызстандын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган. Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.
Мындан тышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп кыргыздардын 60 жараны кытайдын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан.
2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1казак улутундагылар бар.
"Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз"-деп жазылат маалыматта.
Добавить комментарий ×