8 жаштагы Мадина карын тазалап, жөргөм жасады (Видео)

23 июля 2020 12:46 2833 Barometr
Поделиться в:
ok

Сегиз жаштагы Мадина Аскатова ичеги карын тазалап, андан жөргөм жасап жаткан видеосу интернет айдыңында байма-бай жүктөлүүдө. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

8 жаштагы Мадина аттуу өспүрүм жаш блогердердин бири. Ал өз катталуучуларына күнүмдүк жашоосундагы кызыктар тууралуу видео тартып бөлүшүп келет.

Бул жолу кичинекей Мадина Аскатова ичеги карын артып, андан жөргөм жасаган видеосу калың элге тарап, интернет айдыңында байма-бай жүктөлүүдө.

«Беш жашымдан бери ичеги карын артканды билем. Ага ысык сууну куйсаң эле жыдыйт. Карантинде мындай шорполор пайдалуу, козулардан союп жегиле», - деди Аскатова.

Белгилей кетсек, кичинекей Мадина быйыл биринчи классты аяктады. Учурда анын Инстаграм баракчасында 65 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал Мирбек Атабековдун ырына пародия таркандан кийин атактуу болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/8-zhashtagy-kyzdyn-karyn-tazalap-zhrgm-zhasagan-videosu-tarady-video



Добавить комментарий