8 жаштагы бала окууну аяктап, студент болуп калды

2 июля 2018 23:30 1466 Barometr
Поделиться в:
ok

8 жаштагы Бельгиялык кичинекей тургун 18 айыдын ичинде 6 жылдык курсту аяктап, орто билимге ээ болду. Кratko-news.com маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Лоран Саймон чындыгында 2-класста окуп олтурушу керек болсо, азыр 18 жаштагы классташтары менен биргеликте орто билим алгандыгы тууралуу дипломго ээ болуп олтурат. RTBF радиосуна интервью берип жатып Лоран, өзүнүн сүйүктүү сабагы математика экендигин жана ага геомертия, алгебра, статистикага абдан жага тургандыгын билдирген.

Азыр 2 айлык эс алуудан кийин кичинекей Белгиянын тургуну студент болуп унивеситетке барышы күтүлөт.
Лорендин атасынын айтымында, бала эч качан оюнчук алып ойногон эмес. “Алгач балабыз хирург же космонавт болом, деп кыялданчу. Азыр анын бардык ой-тилеги компьтерде...”, деп билдирди Лорендин атасы.

Ссылка: https://barometr.kg/8-zhashtagy-bala-okuunu-ayaktap-student-bolup-kaldy



Добавить комментарий