Кыргызстанда 8-январда кар жаайт
Поделиться в:
Кыргызстанда 8-январда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/8-yanvar-kn-respublikanyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy
Добавить комментарий ×