Кыргызстанда 30-31-декабрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт

27 декабрь 2019 17:01 471 Barometr
Бөлүшүү:
ok


28-декабрда  түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

 Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар   жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

 30-31-декабрларда көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 29-декабрда күндүз жана 30-декабрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын  тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 2-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/8-31-dekabrlarda-zhana-1-3-yanvarda-kyrgyz-respublikasynyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy-zhnnd-maalymat



Добавить комментарий