700 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырылат

8 сентября 2020 12:54 987 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү министрлиги тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда  693 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, өлкөдө 693 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырылып жатат. Аталган мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер жана түрдүү жолдор аркылуу интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болсо, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.

Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташканын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы билдирген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/700-mektep-kajradan-zhogorku-yldamdyktagy-sapattuu-internetke-tutashtyrylat



Добавить комментарий