7 тоннадан ашык улпакты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды

27 августа 2018 17:25 1071 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга 7 тоннадан ашык улпакты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, кечээ 26-август күнү чек арачылар Баткен районундагы Тажикстан менен чектешкен Үч-Дөбө аймагынан аткезчилик жол менен жүк алып келаткан Тажикстандын эки жаранын кармашкан. Чек арачылар алардын Ниссан Дизель үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 7 тонна 600 килограмм буудайдын улпагын табышкан. Документтер текшерүүгө алынган учурда  алардын жанында жүктү алып өтүү үчүн тийиштүү документтери болгон эмес. Ошондой эле алардын биринин да өздүгүн тастыктоочу документи жок болуп чыккан.  Кармалгандарга айып пул салынып, андан соң кармалгандар жүгү менен кошо тийиштүү кызматка өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/7-tonnadan-ashyk-ulpakty-myjzamsyz-alyp-kirg-araket-kylgan-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий