7-майда Соль-Илецктен келген 541 кишинин 465и үй карантинине чыгарылды
7-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 541 кишинин 465и үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Эске салсак, Соль-Илецктен келген жарандардын бардыгы мурдагы “Ганси” авиабазасындагы даярдалган обсервацияга алынган. Бирок алар 18-майда нааразычылыктарын билдирип, үй карантинине чыгаруу талабын койгон. Нааразы болгон эл менен саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү да барып жолуккан. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев обсервацияга алынгандар нааразычылыкка чыккандан кийин үй карантинине чыгарылды деген имиштер чындыкка дал келбей турганын айтып, бардыгы санитардык-карантиндин талаптарына ылайык ишке ашканын айтты.
Республикалык штабдан кабарлашкандай, 541 кишинин 104үнөн коронавирус илдети табылган. 47 киши стационарлардан айыгып чыкса, учурда 57си дарыланып жатат. Оору табылгандар менен жакын байланышта болгон 19 киши обсервацияда калтырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/7-majda-sol-ileckten-kelgen-541-kishinin-465i-j-karantinine-chygaryldy
Добавить комментарий ×