7-9 апрелде Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, тоолу аймактарга кар жаайт

5 апреля 2023 15:04 860 Barometr
Поделиться в:
ok

Шашылыш билдирүү! 7-апрелден баштап өлкө аймагында аба ырайы кескин бузулат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 7-апрель күндүз жана 8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, 9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 7-8-апрелдерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Ссылка: https://barometr.kg/7-9-aprelde-kyrgyzstanda-aba-yrajy-keskin-buzulup-toolu-ajmaktarga-kar-zhaajt



Добавить комментарий