68 жаштагы карыя аюуну тепкилеп кетти

30 мая 2018 17:15 2695 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде адам саламаттыгына кам көрсө, анда 68 жаш карылык эмес. Хирохито Миягава өмүр бою карате менен машыгып келген, ошондуктан ага аюу кол салган кезде өзүн жоготпой туруп, тийиштүү чараларды колдонгон. Бул тууралуу dnpmag.com кабарлады.

Миягава тоо этегиндеги бакчада иштеп жүргөн күндөрдүн биринде, анын артында бирөө келгенин сезген. Артты караганда, аюнун кол салууга аракет жасай баштаганын көргөн да, буту менен аюну ичке, кийин төшкө тепкен. Картисттин мындай чабуулун күтпөгөн аюу туруштук бере албай, тоону көздөй качып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/68-zhashtagy-karyya-ayuunu-tepkilep-ketti



Добавить комментарий