62 жаштагы Британиялык турист Египетке эс алууга барып каза болгон. Мекенине жүрөгү жана бөйрөгү жок жансыз денеси келди
62 жаштагы Британиялык турист Египетке эс алууга барып каза болду. Денесин мекенине жеткиргенде жүрөгү жана бөйрөгү ордунда жок болуп чыккан. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, Дэвид Хамфрис аттуу турист бассейнде неберелери менен эс алып жатып, эсин жоготуп кулаган. Жакынкы ооруканага жеткиришип, дарыгерлер өмүрун сактап кала алышкан эмес. Дэвиддин өлүмунүн себебин изилдеш үчүн Британиядан сөөккө экспертиза кылышкан. Жыйынтыгында жүрөгү жана бөйрөгү жок болуп чыккан.
Бул окуя боюнча Хамфристин үй-бүлөсү орган саткандардын колуна түшүп калдыкпы деп шектенүүдө. Ал эми Британия Египеттен бул окуя боюнча жоопкерчиликти талап кылууда.
Учурда Британиянын Тышкы иштер министрлиги ишти иликтөө учүн милдеттенмени моюнуна алды.
Добавить комментарий ×