60 миң доллардык пиджагы бар ырчы мындай кийим "Нельмар" экөөндө эле экенин айтты
Ырчы менен футболчу чындап эле көз жоосун алган кийимдерге “өч” окшойт.
Россиялык ырчы Филипп Киркоров “Вечерний Ургант” телешоусуна барып, “ПСЖ” командасынын чабуулчусу Неймар тууралуу бир канча эл билбеген “маалыматтарды” биле турганын ырастады.
Ырчы студиядагы жарыкка жарк-журк эткен пиджагын мактап, “мындай кийим Нельмар экөөбүздө гана бар” деп элдин оозун ачырды.
Алып баруучу Иван Ургант:
- Нельмар дейсиңби? Кайсы Нельмар?
- Футболист.
- Сен футболчу Неймардын агасы тууралуу айтып жатасыңбы?
- Неймар, ооба, ооба, Неймар, деп жаңылып калганын жашырып кетти.
Киркоров бул пиджакты ага дизайнер Оливье өзү жөнөткөнүн кошумчалады.
Эске салсак, футболчу Неймардын чындап эле жаркыраган пиджагы бар. Анын баасы 60 миң доллар турат.
Ссылка: https://barometr.kg/60-mi-dollardyk-pidzhagy-bar-yrchy-myndaj-kijim-nelmar-eknd-ele-ekenin-ajtty
Добавить комментарий ×