Кыргызстана 6-декабрда жаан, кар жаайт
Бөлүшүү:
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, Нарын облусунда кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу күтүлөт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/6-dekabr-kn-respublikanyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy
Добавить комментарий ×