51 жаштагы аял баңгизат менен кармалды
Ыкчам маалыматтардын негизинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунун тургуну, 51 жаштагы Ю.М. аттуу аялдын үйүнө тинтүү жүргүзүп, нан бышыруучу мештин ичинде катылып жаткан, 0,490 грамм салмагындагы нашааны табышты. Бул факты боюнча Ю.Мга карата Кылмыш кодексинин 247-беренесинине ылайык («Баңгизаттык каражаттарды, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү») менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштады. Бул айым буга чейин да баңгизатка байланыштуу үч ирет сот жообуна тартылгандыгы тууралуу кабарланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/51-zhashtagy-ayal-bagizat-menen-karmaldy
Добавить комментарий ×