50 студентке КР өкмөтүнүн ыраазычылык каты тапшырылды

23 ноябрь 2018 09:30 1661 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эмгектенген Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 50 студентине КР өкмөтүнүн ыраазычылык кагаздары тапшырылды. Алар эл аралык денгээлдеги иш-чарада калыстарга көмөктөшүү, чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүү, ачылыш жана жабылыш аземине жардам берүү милдеттерин аткарышкан. Ыктыярчыларды тандап алууда эң негизгиси чет тилдерин билүү, элибиздин каада салт, үрп адатын келген туристерге түшүндүрө алуу маанилүү болчу. Салтанаттуу кече, 23-ноябрда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болду.

Ал эми аталган жогорку окуу жайдан жалпы 150 студент III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 50 ыктыярчы саамалыкта мыкты иш алып баргандыгы учун КР өкмөтүнүн мактоо баракчасына арзыды.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесованын маалыматында көчмөндөр оюндарына жалпы 15 өлкөдөн 2500мин ыктыярчы тартылган.  Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайындагы 3400 адамдын ичинен 550сү тандалып алынып, алардын отузу 15 өлкөдөн 40 чет элдик жаштар келген. Ошондой эле республиканын бардык региондорунан 80 адам жардам берген. Аларды тандап алууда, бир нече талаптар  болгон деп айтылат.

Кошумчалай кетсек, ыктыярчылар ДКОнун иштери боюнча бир нече топко бөлүнгөн. Аларды 3 айдын ичинде тиешелүү адистер окутуп, көчмөндөр оюндарына даярдашкан. Жаштар оюндун ачылыш жана жабылыш аземи, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө сыяктуу кызматтарды аткарган. Оюндардын алкагында өтүүчү иш-чаралардын шарты менен тааныштырылып,  алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, протокол түзүү, коопсуздук эрежелери сактоо жана башкаларга козомол кылып туруу милдеттери да жуктолгон.  

Эске салсак,III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жээгинде жана Кырчын жайлоосунда болуп өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/50-studentke-kr-kmtnn-yraazychylyk-katy-tapshyryldy



Добавить комментарий