+50 градус ысыктан улам көп кабаттуу үй кыйшайып калды

12 июль 2019 09:52 7796 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Камчаткадагы Пенжинский районунун Аянка айылында аномалдуу ысыктан улам көп кабаттуу турак үй жарактан чыкты. Бул тууралуу Life.ru. кабарлады.

Аталган үйдө жашаган 51 киши турак жайды таштап кетүүгө мажбур болушту, алар туугандарынын үйүнө убактылуу жайгаштырылды.

Камчатка крайынын губернатору Владимир Илюхин тургундарга тиешелүү көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Анын айтымында, мындай жагдайга катуу ысык себеп болгон. Аталган район дайыма суук болуп келген. Аянкада бир аз мурда +50 градус ысык болду. Мындан улам жер кыртышы жылышып, үйдүн фундаменти кыйшайган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/50-gradus-ysyktan-ulam-kp-kabattuu-j-kyjshajyp-kaldy



Добавить комментарий