"5 жылдан бери дайынсыз". Бишкекте 26 жаштагы кыз изделүүдө

6 мая 2021 12:06 2244 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган  тургуну Азиза Талипбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Азиза Талипбек кызы 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан үйүнөн эртең менен саат 6:00дор чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

2020-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне кыздын эжеси бир тууган сиңдисин издөөгө жардам берүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган

Азыркы учурга чейин, кыздын жүргөн жери тууралуу так маалымат жок.

Өзгөчө белгилери: Бою 175 сантимтер, чачы күрөң түстө, дене түзүлүшү толугураак. Оң көзүнүн астында мең жана сол ийининин асты жагында тырыктары бар.

Кимде кимдин бул кыз боюнча маалыматтары болсо төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0557 28-96-89, 0312 54-41-84 жана 102.

Ссылка: https://barometr.kg/5-zhyldan-beri-dajynsyz-bishkekte-26-zhashtagy-kyz-izdeld



Добавить комментарий