5-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт

5 марта 2021 09:16 680 Barometr
Поделиться в:
ok

5-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында, ал эми Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшүп, жол тайгак болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +1…+6°;

Талас облусунда 0…+5°;

Баткен облусунда +5…+10°;

Ош жана Жалал-Абад облустарында +5…+10°;

Ысык-Көлдө +1…+6°;

Нарын облусунда -3…+2°;

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы +3…+5° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/5-martta-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-kar-zhaajt



Добавить комментарий