5-июль: жаан-чачын жаабайт, абанын температурасы +33 градус
5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Нарын аймагында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9..14, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16° болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 31...33° болот. Жаан-чачын жаабайт.
Ссылка: https://barometr.kg/5-iyul-zhaan-chachyn-zhaabajt-abanyn-temperaturasy-33-gradus
Добавить комментарий ×