4-июль: көпчүлүк аймактарда түнкүсүн жамгыр жаайт
4-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33,
Нарын аймагында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33° жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/4-iyul-kpchlk-ajmaktarda-tnksn-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×