4-декабрда Таласта бир сутка боюу тынымсыз "Манас" айтылат

2 декабря 2020 12:37 1837 Barometr
Поделиться в:
ok

4-декабрь “Манас күнү”  кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде бир сутка Манас айтылат. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“4-декабрь “Манас күнүнө” карата Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде иш-чара болуп, анда бир сутка боюу Манас айтылат.

Азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө  республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп,   “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/4-dekabrda-talasta-bir-sutka-boyuu-tynymsyz-manas-ajtylat



Добавить комментарий