3G модемине арналган антена жасоо
Азыркы кезде ар бир компьютерге улаштырууга боло турган ынгайлуулугуна карата “3G” модеми чоң суроо-талапка ээ. Бирок аны колдонууда байланыштын алсыздыгы бир аз кыйындык жаратып журөт. Ошондуктан модемге антенна керек. Ал эми андай антеннаны колго жасап алса болот. Колго жасалган антенна аркылуу интернетке кыйналбай кире аласыз.
Колго жасалган антенна арзан жана ишеимдүү болот.
Керектүү заттар:
Пластик бөтөлкө;
Кайчы;
Жабышкан лента;
3G USB модем;
Кара түстүү фломастер.
Жасалуу жолу:
1-Эң алды менен пластик бөтөлкөнүн кагаздарын алып, тазалып жууп, кургатасыз. Бөтөлкөнүн кургак болушу зарыл. Андан кийин бөтөлкөнүн тушунан 3G USB модемдин көлөмүнөн бир аз чоң оюк сызасыз.
2-Андан соң сызыктын боюн кайчы менен оюп аласыз. Кескенде абай болуңуз, ашыкча кесип албаңыз, бөтөлкөгө эч нерсе түшүп кетпөөсүнө көңүл буруңуз.
3-Кесилген бөлүктү сыртка тартып, ага модемди жабыштырат. Модемдин туура бекилгенин караш керек, ал туура эмес бекилсе жакшы байланыш болбойт.
4- Анан USB ток уланткычын бөтөлкөнүн ооз жагынан киргизип, 3G USB модемге уланат. Модемден ажырап кетпеш үчүн жакшылап бекитиш керек.
5-Антеннага фольга кагазын колдонсо, байланыш талаасы кеңейе түшөт. Фольга кагазын бөтөлкөнүн модемге карама-каршы бөлүгүнө чаптайт. Ал эми анын көлөмү модемден эки эсе чоң болушу, жалпактыгы бөтөлкөнүн бир аз бөлүгүн жаап турушу керек.
6- Ушундайча 3G модемине арналган антенна даяр болот. Мындай антеннаны колдонуу аркылуу байланыш сапаты 2-3 эсеге чейин арттырса болот.
Ссылка: https://barometr.kg/3g-modemine-arnalgan-antena-zhasoo
Добавить комментарий ×