35 жүзүмдү оозу менен тосуп алган киши Гиннес китебине кирди (видео)

1 октября 2021 16:32 1568 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын Айдахо штатынын тургуну Дэвид Раш Гиннес китебине кириш үчүн дайыма таң калыштуу жана кызыктуу рекорддорду жаңылап турат.  Бул тууралуу анын “David Rush” Ютуб каналына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Дэвид 200дөн ашык ирет аталган китепке киргени менен өзгөчөлөнөт.

Бир аз мурда Дэвид Раш жаңы рекорд койду-ал үч топ менен ойноп жатып ошол эле маалда бир мүнөттө оозу менен 35 жүзүмдү тосуп алган.

Рекорд коюш үчүн ал кошунасы Джонатан Хэннонду чакырган, кошунасы ага жүзүмдү ыргытып берип турган. Анын бул аракетин видеодөн көрсөңүз болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/35-zhzmd-oozu-menen-tosup-algan-kishi-ginnes-kitebine-kirdi-video



Добавить комментарий