35 жашка чейин бетти жашартуучу процедураларды колдонууга болбойт

27 ноября 2019 09:01 8767 Barometr
Поделиться в:
ok

Сулуулукка кам көрүүдө кээ бир айымдар өтө эле аша чаап кетишет жана тери дагы эс алууга муктаж экенин биле беришпейт. Айрыкча 35 жашка чейинки айымдар косметиканы жана кээ бир процедураларды эрте колдонушкандыктарына байланыштуу тери өз маалынан эрте картая баштайт. Андыктан 35 жашка чейин төмөндөгү процедураларды колдонууга тыюу салынат.

Хирургиялык лифтинг

Бул процедура жумшак торчону калыбына келтирүү үчүн колдонулгандыктан 40 жашка чейин жасатпай эле койгон туура болот.

Ботокс

Ооба, кээ бир жаш кыздар ботоксту эң натыйжалуу ыкма катары көрүшөт. Бул жеңил ойлуулукка кирет. Себеби, ботокс жасатууда беттеги мимиканын жарымын жоготосуз, ошондой эле ботокс кабыл алган булчуң тынчтанып бырыш түшүрүүгө жөндөмдүү болуп калат. Мындан сырткары, ботоксту бангизатка да салыштырып келишет. Анткени, бир жолу жасаткан соң, кайра- кайра жасата бересиз. Анткени бырыштар кайра эле пайда боло берет.

Мезотерапия

Мезотерапия - бул витамин, минерал, экстраттык чөптөрдөн жана азыктандыруучу каражаттан турган суюктук. Ал ийне аркылуу териге кирет. Ийнеден калган так бир нече күндөн кийин кетет. Мындай каражатты алган тери өзү табигый жол менен азыктандырууну токтотот. Демек, кайрадан мезотерапия жасатууга туура келет.

Биоревитализация

Тери сыйдамдап, бырыштарды кетирүү үчүн колдонулат. Бирок, бул ыкманы жашы 35тен өтүп, терини нымдуулугу аз бөлүнүп чыккан убакта гана колдонсо болот.

Лазердик жашартуу

Фракциондук лазердик жашартуучу ыкма 40 жаштан кийин карылык байкала баштаганда гана колднулат. Ага чейин колдонсоңуз териңиз эки эсе көп картаюуга дуушар болот. Кээде бул ыкма менен беттеги тактарды да жок кылууга болот. Ал эми жаш кыздар муну жасатса теринин сапатын жабыркоого алып келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/35-zhashka-chejin-betti-zhashartuuchu-proceduralardy-koldonuuga-bolbojt



Добавить комментарий