Москвада 33 жаштагы кыргыз жараны жуунуп жатып токко урунуп каза болду

21 января 2021 10:41 3500 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын чет жагынан 33 жаштагы кыргыз жигит жуунуп жатып иштеп жаткан кир жуугуч машинага колу тийип, токко урунуп каза болгон. Бул тууралуу "Московский Комсомолец" жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, батирде электр зымдарынан чыккан көйгөйлөр буга чейин да болуп келген.

“Кыргызстандык жигит жеткирүү кызматында курьер болуп иштеп, аялы менен батирде турушчу. Жубайлар Кыргызстандан келишкен. Буга чейин жубайлар батирдин ээсинен электрикти чакырууну суранышкан, бирок ал жөн гана сууну колдонгон учурунда электр шаймандарды өчүрүп коюуну сунуш кылган”, - деп айтылат маалыматта.

Кир жуугуч машина жуунучу бөлмөдө тургандыктан, иштеп жатканда кокусунан тийип кеткен. Жубайларды буга чейин бир нече жолу кир жуучу машинадан электр тогу урган.

Ссылка: https://barometr.kg/33-zhashtagy-kyrgyz-zharany-moskvada-zhuunup-zhatyp-tokko-urunup-kaza-boldu



Добавить комментарий